БААУ/ КАМПУСТАГЫ ЖАШОО/ БААУ Окуудан тышкары иш-чаралары/ Студенттер Кеңсеси

Студенттер Кеңсеси

“БААУда “класстар” гана эмес, “коридорлор” да сабак өтүшөт”

 

Студенттик кеңсе студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүн жөнгө салуу максатында негизделген. Аталган кеңсе өз ишин төмөнкү багыттар боюнча алып барат:


1. Окуудан тышкаркы иш-чараларды жалпы координациялоо.
2. Окуудан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу маселелери боюнча БААУнун департаменттери жана кеңселери менен өз-ара аракеттенишүү.  
3. “БААУнун студенттеринин жүрүм-турумдарынын укуктары, милдеттери жана нормалары” Кодексинин жоболору менен нормаларынын аткарылышын көзөмөлдөө: чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 
4. Студенттик өзүн-өзү башкаруу, студенттик социалдык иш-чаралардын жумушун уюштуруу жана камсыздоо: студенттик өкмөт, студенттик клуб менен иш алып баруу, студенттик демилгелерге колдоо көргөзүү 
5. Академиялык календардын иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү.  
6. Маданий-массалык жана социалдык мүнөздөгү иш-чараларды уюштуруу Студенттик кеңседе жумшак эмерек бар, бирок студенттик кеңсе бул эртеден кечке чейин жатып эс ала турган жай эмес.

 

Бул жерде студенттер академиялык процесстин алкагында таппаган суроолоруна жооп алышат жана эң назик маселелерди чечүүнүн жолдорун табышат. Студенттик кеңеш, клубдар, ар кандай иш-чаралар, чырлар менен жаңжалдарды чечүү, декорация, музыка, үн коштоо - ушул маселелердин баары боюнча биздин кеңсеге кайрылсаңыз болот.

 

Байланыштар:


Көркөм жетекчи - Николай Шульгин
[email protected]
 
Көркөм жетекчинин орун басары – Бермет Исмаилова
[email protected]
 
Көркөм жетекчинин ассистенти – Тыныева Айзада
[email protected]
[email protected]
 
Окуудан тышкаркы ишмердүүлүктүн жетекчиси – Шахруддин Иминов
[email protected]

Арт менеджер – Диана Такутдинова
[email protected]
 
Дизайнер – Инна Богданова
[email protected]
 
Үн инженери – Евгений Бойко