Жамиля Асанова: «БААУ — бул чындап эле жалгыз калбай турган жер»
Жамиля Асанова 2022-жылдын май айында Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин, ал билим алууну улантууну чечип, Будапешттеги Корвинус университетинде магистратура программасына өткөн. Жамиля Stipendium Hungaricum программасына катышып, Кыргызстан боюнча тандалган мыкты студенттердин катарына кирген.