БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Тажрыйба арттыруу жөнүндө жарыя: Эл аралык Ысык-Көл форуму - 40

31 марта 2026

Эл аралык Ысык-Көл форуму - 40тын Уюштуруу комитети чет тилдерин билген демилгелүү жарандарды 2026-жылдын 18-21-июнь күндөрү өтүүчү форумга даярдануу үчүн чакырат. Бул акы төлөнүүчү позиция (иштөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейин) маданий алмашуу жана дипломатия секторунда иштеп көрүү уникалдуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. 1986-жылы айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тарабынан түптөлгөн Ысык-Көл форуму Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган тарыхий “идеялардын лабораториясы” болуп саналат. Форумда катышуусун расмий түрдө Нобель сыйлыгынын лауреаты, түрк жазуучусу Азиз Санжар жана кытай жазуучусу Мо Янь тастыкташты. https://gazeta.kg/en/society/184159-v-issyk-kulskom-forume-primut-uchastie-dva-laureata-nobelevskoj-premii.html)

Тажрыйба арттыруучулардын негизги милдеттери:
Эл аралык коноктор жана катышуучулар үчүн расмий каттарды жана формалдык чакырууларды кыргыз жана англис тилдеринде даярдоо жана редакциялоо

Документ жана каттарды англис жана кыргыз тилдерине өз-ара которуу.
Жолугушууларды координациялоо, анын ичинде күн тартиптерин жана жолугушуулардын протоколдорун сактоо.

Күтүлгөн квалификациялар жана ыкмалар:

Кыргыз жана англис тилдеринде эркин сүйлөө жана жазуу (жогорку деңгээлдеги кат алышуу жана кесипкөйлүк баарлашууну жүргүзүү)
Кыргызстандык ЖОЖдун бакалавр же магистратурасынын дипломунун болуусу же бакалавриат/магистратуранын бүтүрүүчү курсунун студенти макамы
Кесипкөйлүк байланыштыруучу звено катары өз-ара аракеттенишүү ыкмалары (liaison)
Деталдарга көңүл бөлүү жана чектелүү мөөнөттөрдүн шартында татаал иш тартибинде иштөө жөндөмү

Өтүнүч кыргыз жана англис тилдеринде өз резюмеңизди (CV) жана кыска мотивациялык катыңызды (250 сөздөн ашпоосу керек) Форумдун координатору Чолпон Турдалиевага жөнөтүңүз: [email protected]. 

<< Назад к списку