БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Илим тилибиз кыска-нуска болсо

18 июня 2025

"Кыргыз Туусу" гезитинде экономика илимдеринин доктору, профессор, «Колдонмо математика жана информатика» факультетинин окутуучусу Сыргак Кыдыралиевдин «Илим тилибиз кыска-нуска болсо» макаласы жарыкка чыкты. Эмгек эне тилибизге кайдигер карабаган замандаштарга сунушталат.

2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленди. Бул азыркы кыргыз мамлекетин түзүү процессине жол берген. Ушул жылдарда эл көп кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Ошону менен бирге үстүбүздөгү кылымда кыргыз эли экономикада, мамлекеттик курулушта, маданияттын ар түрдүү тармактарында чоң ийгиликтерге жетишти.

Бул катарда билимди жана илимди өнүктүрүүдөгү ийгиликтер жөнүндө айтпай коюу туура болбойт. Залкар агартуучулар Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Сатыбалды Нааматов, алардын шериктери жана шакирттери Кыргызстандын азыркы билим жана илим системасынын пайдубалын түптөгөн. Алардын эмгектеринин негизинде заманбап кыргыз илим тили иш жүзүндө нөлдөн баштап жаралган. Албетте, биз алардын элдин жыргалчылыгы үчүн жасаган титандык эмгегин жогору баалайбыз. Ошол эле учурда көрүнүктүү австриялык композитор, дирижёр жана ойчул Густав Малердин: “Салт – күлгө сыйынуу эмес, жалындоону улантуу” деген сөзүн эске алуу керек. Биз бул сөздөрдү кыргыздын илим тилин өнүктүрүүгө, өркүндөтүүгө чакырык катары кабыл алабыз. Биздин илим тилибиз нуска жана мүмкүн болушунча кыска болушу керек деп эсептейбиз.

Кыргызстан эгемен мамлекет болгонунан баштап, кыргыз тилин өнүктүрүү жөнүндө көп сөз айтылды. Тилекке каршы, кабыл алынган токтомдор жана башка чараларга карабастан, жыйынтык өтө начар. Мындай жагдайдын себептери эмнеде?

Мүмкүн негиздер начарбы? Албетте, андай эмес. Океан сымал Манасты жараткан тилибиз чексиз бай. Бирок, анын байлыгын кээ бир учурларда биз туура колдоно албай келе жатабыз.

Ар бир жандуу нерседей эле, тил да, өнүгүш үчүн, өзүнө дайым жаңы сөздөрдү кошуп туруш керек. Ушул процесс кандай өтүп жатат? Биздин оюбуз боюнча, заманбап илимий кыргыз тил мезгил талаптарына дал келет деп айтыш кыйын. Мүчүлүштүктөр өтө көп. Алардан кутулуш үчүн себептерин талдап, жойгонго аракеттениш керек. Негизги максат, багыт: илим тилибизди нуска жана кыска кылганга умтулушубуз зарыл.

Заманбап кыргыз илими орус илиминен башталган. Муну таныш мүмкүн эмес жана улуу орус элине рахмат айтуу жөндүү. Бирок, илим сөздөр кээ бир учурларда орусчадан начар өздөштүрүлгөн. Бир топ илим сөздү орус тилинен алганда, орус жана кыргыз тилдеринин айырмасы эске алынган эмес. Кемчиликтердин негизги түрлөрүн талдоону, мисалдан баштайлы.

Үмүт и Ко фирмасы саткан пастеризацияланган сүттү баарыңар эле көрсөңөр керек. Белгиленген сөздү айтып бүткөнчө, чарчайсың. Бул учурда: «Сөз ушундай болсо, эмне кыла алабыз» — деп айтуу мүмкүн. Бирок, алыстабай туруп, ошол эле кутучадагы (тетрапактагы) казакча текстти карасак, «пастерленген» деп жазылып турат. Бул сөз ошол эле мааниде болуп, алты тамгага кыскараак! Мындай мисалдарды, баарыбыз эле ондоп айта алабыз. Бул сөздөрдү орус тили Европа тилдеринен алган. Ошондо, system — система, problem — проблема болуп калган. Жогоруда келтирилген сөз, «пастеризация», орусчага pasteurization деген сөздөн кирген. Биз болсо, орусча вариантын эч өзгөртпөй, үстүнө тамгаларды кошуп салганбыз. Демек, ортомчу тилдин көзүн карабай, түздөн-түз которсок, анда «проблемалардын системасы» дебей, «проблемдер системи» деп айта алабыз.

Туура эмес, анда «проблемдердин системи» деп айтылыш керек деген пикир айтылышы мүмкүн. Бул дагы бир мүчүлүштүк. Тилибиздин негизги, нукура сөздөрүн атап: «Кол, баш, үй, нан, таш, …» – алар өтө кыска экендигине ынанабыз. Ошондуктан, алардан жаралган сөздөр кошумча тамгаларды талап кылышат: «Колдон, баштан, үйдүкү, нандуу, ташсыз, …». Бул жагдайда, тиешелүү сүйлөмдөр өтө узун болуп калышы мүмкүн болчу. Бирок, акылман тилибиз абдан туура чечим тапкан: сүйлөмдүн үлүштөрүн бир-бирине дал келтириш үчүн сөз туюнтмасынын акыркы сөзүн гана колдонуш жетиштүү. Ошондо, «алтындан жасалган ачкыч» эмес «алтын ачкыч», «беш кыздар» эмес «беш кыз». Салыштырма катары, орус тилинде «золотой ключ», «пять девочек». Кызык нерсе, мындай сүйлөм түзүлүш кыргыз тилинен башка тилдерде да бар. Мисалы, англис тилинде. Мындай тил түзүлүштүн негизинде, орус тилинин эрежелерине ылайык «фирманын инвестициялык стратегиясы», «райондук администрациясынын специалисти» дебей, «фирмдин инвест стратежиси», «район админинин өкүлү» деп айтыш жетиштүү.

«Админ өкүлү» деген сүйлөм кулакка кызык угулса керек. Бул биздин сунуш. Башка, булар сыяктуу, көп узун сөздөр башка тилдерден келген. Мындай учурларда, адистер кеңешип, сөздөрдүн маанисин сактап, аларды кыскартса абдан туура болот эле. Анда «алгебралык теңдеменин коэффициенттери» деген сүйлөм, дээрлик, бардыгыбызга түшүнүктүү, бирок, бир далай кыскараак «алжебр теңдеменин коэфтери» болуп калышы мүмкүн.

Мындай, тилдеги өзгөрүүлөр кабыл алынса, баштапкы мезгилде сөздөрдүн ар кандай түрдө жазылышына мүмкүндүк бериш туура болот: системасы – системи, инвестициялык саясат – инвест саясат, …  Бара-бара убакыт өткөнгө жараша, тилге көбүрөөк ылайык келген сөздөр жана сүйлөмдөр электенип, калып калышат.

«Кыргыз экономикалык университети» деген университеттин атын талдайлы. «Кыргыз университети» — абдан жакшы. «Экономикалык университети» — мындай сүйлөм кыргызча эмес сезилет. «Экономикалык университет» болуш керек. Биздин оюбузга жараша «Кыргыз экономика университети» деген аталыш туурараак. Ал эмес, акыркы убакытта кеңири тараган терминди колдонуп, «Кыргыз экономика универи» десек жакшы болор беле?

Бул ой жүгүртүү көп мекемелердин аттарына тийиштүү.

Ортодон айта кетчү дагы бир ой. «Финансы министрлиги». «Финансы» деген сөз орус тилинен кирген. Ал сөздүн көптүк түрү. Ошондуктан, сөздүн негизине кайрылып, «Финанс министрлиги» деп атасак туура боло турган.

Бул багытта, президент С. Жапаров абдан сонун үлгү көрсөттү. Президентибиз нукура кыргыз тилинин эрежелерин колдонуп, кыргыз балбандарын салтанаттуу тосуп алуу аземинде айткан сөздөрү: «Бул Олимп оюндарынын жыйынтыгы боюнча биздин баатыр балбандарыбыз: Айсулуу, Акжол, Мээрим тарых жаратып, эки ирет удаасы менен Олимп оюндарынын байге ээлери болушту».

Келтирилген сунуштар, негизи, сөз жана сүйлөмдөрдү кыскартууга багытталган. Алардын нускалуу болушу да абдан маанилүү. Бул багытта, адистердин салымы орчундуу боло алат. Мисал катары. Негизги экономика түшүнүктөрүнүн арасында: киреше (доходы), чыгаша (расходы), пайда (прибыль) жана зыян (убыток) сөздөрү бар.  Бирок «зыян» деген сөз бул учурда туура эмес. «Чыгым» сөзү туура болот.

Акыркы убакытта тилибизге бир нече кеңири колдонулган сөз кирди. Алардан, «самолет» «учак» болгонун толук колдойбуз.

Бирок «радио» «үналгы» эмес. Биринчиден, радио дегенди дүйнө жүзү түшүнөт. Экинчиден, мааниси дал келбейт. Радиоприемник үн албайт, үн берет! Андай эле жактырсак, «үналгы» деп «микрофонду» аташыбыз керек.

Айта кетүүчү нерсе. Көп учурларда, так эместик баштапкы термин орус тилине так эмес которулганынан келип чыккан. Экономикада «marginal revenue» жана ага сыяктуу «marginal» деген сөздү камтыган сүйлөмдөр кеўири колдонулат. Бул сөз орус тилине «предельный» деп, маанисинен алыс которулуп калган. Андан, кыргызча «акыркы чеги» пайда болгон. Ошентип, «кирешенин акыркы чеги» деген сүйлөм экономик китептеринде кездешип жүрөт. Аныктамага кайрылсак, бул түшүнүк товардын кошумча бирдиги сатылганда, кирешенин канчага өзгөргөнүн көрсөтөт. Биздин оюбузда, бул учурда «кирешенин акыркы чеги» деп айтыш, таптакыр туура эмес. Мүмкүн, «кошулма киреше» туура болот.

Жыйынтыктасак. Кыргыз тилине жаңы кирип жаткан терминдер нуска жана кыска болуш керек. Маанисин так түшүндүргөн кыргыз сөздөр мүмкүн болгон учурларда колдонулушу жөндүү. Мисалы, «акция» деген сөз дүйнөлүк илим тили болгон англис тилинде «share». Ал «үлүш» деп которулат. Бул учурда мааниси да түшүнүктүү. Баалуу кагаздардын дагы бири, орус тилинде «облигация». Ал англис тилинде «bond». Мүмкүн, бул учурда, бонд деген кыска сөздү кыргыз тилине киргизип, маанисин аныктама аркылуу түшүндүрүш туура болор. Дагы бир сунуш. Ар бир тармакта, кийинки жылдарда тилге кирип калган, өтө узун сөздөр бар. Аларды адистер карап чыгып, маанисин сактап, кыргыз тилинин эрежелерине жараша кыскартса туура боло турган. Мисалы, оюбузга жараша, «окуянын ыктымалдыгы» дегендин ордуна, «окуянын ыктымы» деп киргизсек, кийинки муундагы окуучулар жана мугалимдер бизге ыраазы болсо керек.

 

С.К. КЫДЫРАЛИЕВ,

экономика илимдеринин доктору, профессор

 

<<