БААУда бак отургузуу
25 марта 2025
БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана администрациясы студенттерди, кызматкерлерди жана окутуучуларды БААУнун аймагында бак отургузууга чакырат. Биз бирге курчап турган айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана дени сак кылуу үчүн 30 көчөт тигебиз!
Бак-дарактар - бул шаарлардын өпкөсү, жүрөгү жана өмүр сүрүү кубаты болуп, жашообузга ыңгайлуу жана туруктуу шарттарды жаратууда маанилүү ролду ойнойт. Туура отургузулган бак-дарактар төмөнкүлөргө жөндөмдүү:
- Абанын температурасын 2-8°C төмөндөтүп, жайкы аптапты бир кыйла жеңилдетүү
- Булгоочу заттарды сиңирип алуу жана абаны чаң, түтүн жана башка ушул сыяктуу нерселерден тазалоо
- Физикалык жана менталдык ден-соолукту чыңдоо, шаар чөйрөсүн кооздоо
Катышуучулардан эмнелер талап кылынат?
- Көчөттөр үчүн жерлерди даярдоо
- Жаш бактарды тигүү
- Тигилген көчөттөрдү сугаруу жана актоо.
Бак-дарактарды отургузуу - бул табиятка баалуу салым гана эмес, ошондой эле таза абадан ырахаттануу, физикалык активдүүлүктү көрсөтүү, жибүү жана санаалаштар менен баарлашуу! Катышуучулардын баары снэктер, суу жана зарыл болгон шаймандар менен камсыздалат.
Датасы: 29-март 2025-жыл
Убактысы: 10:00
Өтүүчү жайы: БААУнун кампусу
Каттоодон өткөн алгачкы 30 катышуучу бул иш-чарага катыша алат (катышуу милдеттүү). Каттоо: https://docs.google.com/forms/d/1QmSJLeqk67U0iM6XYGxWtRV9CTsr5m0zL9NKMmCxyso/viewform?edit_requested=true
Сурап-билүү үчүн кайрылыңыздар: [email protected].